Чүй облусунда жоголгон балдар Өзгөндөгү чоң апасыныкынан табылды

10:45, 07 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Чүй облусунда жоголгон балдар Ош облусунун Өзгөн районунда жашаган чоң апасыныкынан табылды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Чүй облустук маалымат кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Рамазан жана Тахмина Дүйшөнбековаларга издөө жарыялаган. 2005–2008-жылы туулган ага-карындаш бир күндө жоголгон.

ИИБнын билдирүүсүндө, балдардын кантип Ошко кетип калганы азыр такталууда. Ата-энеси балдарын алып келүүгө кетишкендиги кабарланат.