12:49
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аксынын 8 айылында сел жүрүп, көпүрө, жол жана үйлөр жабыр тартты

Аксынын 8 айылында сел жүрүп, көпүрө, жол жана үйлөр жабыр тартты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Сел райондун Авлетим, Жаңгактуу-Булак, Кашка-Суу, Туюк-Жар, Тосту, Чеч-Төбө, Кара-Төбө, Сөгөт айылындарында жүрдү.

ӨКМдин маалыматында, ар бир айылда бир нече үйлөрдүн дубалдары бузулуп, короолору кум шагылга толуп, эгиндерин сел жууп кеткен. Андан сырткары, көпүрөлөр, жолдор бузулуп, айрым калк жашаган аймактарга карай жолдор жабылды.

Министрликтин билдирүүсүндө, районго кечээ киргизилген өзгөчө кырдаал режими сакталат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби