09:55, 07 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА
Аксыда селде калган 5 үй-бүлө куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Авлетим айыл аймагында жааган жамгырдын кесепетинен Тегирмен-Сай айылында жүргөн сел жол боюнда жайгашкан турак жайларды жана ички чарбалык унаа жолду каптаган.
Министрликтин билдирүүсүндө, ыкчам топ сел сууларынын курчоосунда калган 5 турак жайдын жашоочуларын коопсуз жайга алып чыгышты. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Учурда айылда селден тазалоо иштери жүрүүдө.
Эскерте кетсек, Аксы районундаыг дарыялардын-деңгээлинин көтөрүлүшүнөн жана жааган жамгырдан улам сел коркунучу жаралып, аймакка Өзгөчө кырдаал киргизилип, жарандык коргонуу штабы түзүлгөн.