17:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзбекстанда пенсионер велосипед менен ажылык сапарга чыкты

Наманган облусунун Чартак районунун пенсионери Хусан Хожибаев ажылык үчүн велосипед менен Сауд Арабиясына жол тартты. Учурда ал Бухара облусуна жетти. Бул тууралуу Озодлик билдирет.

75 жаштагы Хусан Хожибаев велосипед менен жолго 2-июнда чыккан. Ал Түркмөнстан чек арасына 7-июнь күнү кечинде же 8-июндун таңында жетерин айткан.

Пенсионер Хожибаев Сауд Арабиясына баруу үчүн Түркмөнстан жана Ирандын жолдорун басып өтүшү керек. Бирок ал бул өлкөлөргө кирүү үчүн виза алган эмес. Анын айтымында анын колунда Өзбекстандан «чыгуу» визасы гана бар.

Былтыр сентябрда Хусан Хожибаев маркум президент Ислам Каримовдун мүрзөзүнө куран түшүрүү үчүн Самаркандга барган. Пенсионер анда 500 чакырым жол баскан эле. Фейсбуктун колдонуучулары аксакалдын сапарын «кичи ажылык» менен салыштырып, ага жаңы велосипед белекке беришкен.

Ажылык мусулмандар үчүн ыйык беш парздын бири болуп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар