12:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Батирлерди тоногон уурулардын тобу кармалды

Батирлерди тоногон уурулардын тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Кабарда, 19- апрель күнү Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына Гавриловка айылынын 30 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 18-апрель күнү анын үйүнө уурулар кирип, мобилдик телефон, ноутбук, алтын буюмдары жана 10 миң сомду алып кетишкендигин маалымдаган. Жалпысынан 847 миң сомго зыян тийгизилген.

Кылмыш кодексинин 164-беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө 25 жаштагы Казакстандын жараны жана 21 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну кармалды.

Кармалгандар Сокулук району боюнча дагы төрт уурулукка катыштыгы такталды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби