16:25, 06 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО
Аламүдүн районунда 2007-жылы болгон кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.
Кылмыш тергөө башкы башкармалыгына бир үйдүн короосунда көмүлгөн өлүк тууралуу маалымат келип түшкөн. Ала-Арча айылында жайгашкан үйдүн чарбагынан кишинин денеси табылды. Ал 1989-жылы туулган К.Т. экендиги аныкталды.
ИИМдин билдирүүсүндө, тергөө иштеринин жүрүшүндө 26-жаштагы М.А. кармалып, анын шериги учурда түрмөдө мөөнөтүн өтөт жаткан Б.В. экендиги аныкталды.