14:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандын тышкы карызы 59 миллион долларга көбөйдү

Кыргызстандын тышкы карызы дагы 59 миллион долларга өстү. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдайт.

2017-жылдын 30-апрелине мамлекеттик карыз 4 миллиард 219 миллион 47 миң доллар, же 284 миллиард 814 миллион 39 миң сомду түздү. Жыл башынан бери 154, 03 миллион долларга өстү.

Январь—апрель айларында ички дүң өндүрүмдүн көөлөмүнөн 2,4 эсеге өскөн.

Анын 3 миллиард 847 миллион 68 миң доллары, же 259 миллиард 718 миллион 40 миң сому тышкы карыз. Ички карыз 371 миллион 79 миң долларга, же 25 миллиард 95 миллион 99 миң сомго барабар.

Эң көп окулган жаңылыктар