Сот Super.kgнин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каршы арызын кабыл алган жок

09:57, 06 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Сот Super.kgнин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каршы арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу Сөз эркиндигин коргоо комитети сайттын башкы редактору Гүлжан Асанкожоевага шилтеп маалымдайт.

Маалыматка караганда, сот доо арызды кабыл алуудан баш тарткан.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги редакциянын «Боинг» учагынан жабыр тарткан Дача-Су айылынын тургундарына топтолгон жардам боюнча маалыматына жооп берген эмес.