17:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аксыда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, жарандык коргонуу Штабы түзүлдү

Аксыда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, жарандык коргонуу Штабы түзүлдү. Бул боюнча ӨКМ билдирет.

Мекеменин маалыматында, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 4-июнда нөшөрлөгөн жамгырдан улам облустун аймагындагы Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларынын-деңгээлдери көтөрүлүп, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал жаралды. Буга байланыштуу министрдин чечими менен өзгөчө кырдаалдар режими киргизилип, жарандык коргонуу кызматтарынан Штабы түзүлдү.

ӨКМ, райондогу кырдаал министрдин жеке көзөмөлүндө экендигин маалымдайт.

Эскерте кетсек, кечээ Итагар дарыясынын-деңгээли көтөрүлүп 1 көпүрө жараксыз абалга келип, 3 ички чарбалык көпүрөгө жана дарыяга жакын жайгашкан 5 турак үйгө коркунуч жаралган.

Андан сырткары, Падыша-Ата дарыясынан ашкан сел суу жалпы айыл аймак боюнча 10 турак үйдүн короосун, 65 турак үйдү, 1 мектепти, 1 ФАПты каптаган. Жыйынтыгында, 2365 метр ички чарбалык жолдорго, 250 метр арыктарга сел калдыктары толгон. 1 ички чарбалык көпүрө, 1 электр мамысы жана 50 метр габион торчосу жараксыз абалга келди.

Эң көп окулган жаңылыктар