02:35
+26
USD 68.74
EUR 80.76
RUB 1.16
Кыргызча

Асия Сасыкбаева Жылдызкан Жолдошовага сотто утулуп калды

Жогорку Кеңештин мурдакы чакырылышынын эки депутатынын ортосундагы соттук териштирүү аяктады. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине парламенттин мурдакы депутаты Жылдызкан Жолдошова билдирди.

Эскерте кетсек, Жылдызкан Жолдошоева Асия Сасыкбаева каршы сотко доо арыз берген. Асия Сасыкбаева 2010-жылы түштүктөгү кандуу окуяларга Жылдызкан Жолдошеванын тиешеси бар экендигин билдирген.

Биринчи май райондук соту Жолдошованын жарандык доосун канааттандырып, Сасыкбаеваны 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Белгилей кетсек, Жылдызкан Жолдошова парламенттин мурдакы депутаты Эркингүл Иманкожоева менен сотту дагы утуп алган.

Эң көп окулган жаңылыктар