09:58
+26
USD 68.74
EUR 80.76
RUB 1.16
Кыргызча

«Мегаком» компаниясына кардар табылган жок

«Мегаком» компаниясына кардар табылган жок. Бул маалыматты «24.kg» Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан таксыкташты.

Алардын айтымында, бүгүн аукционго катышуу үчүн бир да компания арыз берген эмес. Комиссия сатык болбой калгандыгы тууралуу протокол түзүү үчүн гана топтолду.

Кайра дагы аукцион жарыяланабы, же жокпу ал азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, компания ушуну менен үчүнчү жолу сатыкка коюлду. Компаниянын 100 пайыз акциясын сатып алууну каалаган кардар чыкпай келет.

Эң көп окулган жаңылыктар