10:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Катардагы элчилик кыргызстандыктарга аба каттамдарын алдын ала тактоону эскертет

Араб мамлекеттериндеги дипломатиялык мамилелердин өзгөрүүсүнө байланыштуу Кыргызстандын Катардагы элчилиги бул өлкөлөр аркылуу учкан аба каттамдарга өзгөрүү киргизилгенин эскертет. Бул тууралуу Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги Толук ыйгарымдуу элчиси Нурлан Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, »Flydubai» Доха менен Дубайдын ортосундагы каттамды убактылуу токтотту. Андыктан, Катарга кирип-чыгууда, же бул өлкө аркылуу башка араб мамлекеттерине учуп чыгууну пландаган кыргызстандыктарга алдын-ала аба каттамдарын тактоо эскертилет.

Эскерте кетсек, Сауд Араб республикасы, Бириккен Араб Эмираты, Египет жана Бахрейн мамлекеттери Катар республикасы менен дипломатиялык мамилесин үздү. Алар расмий Доханы террористтер менен байланышка айыпташууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума