07:36
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Шавкат Мирзиёев: Экстремисттерге кошулгандарды жарандыктан ажыратуу керек

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев радикалдуу топторго жана агымдарга кошулуп кеткен мекендештерин жарандыктан ажыратарын билдирди. Бул тууралуу ал 3-июнда Анжиян районундагы жыйында айткандыгын Озодлик кабарлайт.

«Маселен, эгер беш мааледе 20–30 киши оң жолдон тайса, алардын бешөө жамандарга кошулуп кетти жана кайрылып келбейт деп эсептей берсе болот. Алар менен алектенип отурбай, Өзбекстан жарандыгынан ажыратуу керек», — деди президент.

Мамлекет башчы коомчулукту ар кыл диний кыймылдарга кирип, жаңылыш ойдо жүргөндөрдү оң жолго кайтарууга үндөдү. Бирок Мирзиёев имамдарды жана бийлик өкүлдөрүн радикалдуу топторго өтө берилип кеткендерди Өзбекстан жарандыгынан ажыратуу боюнча сунуштарды берүүгө чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар