Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митингге чыкты

14:58, 05 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митингге чыкты. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине партиянын штабынан билдиришти.

Алардын айтымында, райондук администрациянын жанында 200дөй киши топтолду. Алар Өмүрбек Текебаевдин ишин калыс кароону талап кылышат. Топтолгондор «Текебаевге эркиндик!» — деп кыйкырышууда.

Парламенттин депутатынын тарапташтары соттун өкүмү чыкканча митингди улантышмакчы.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо 8-июнда улантылат.