04:35
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сот Текебаевдин ишине байланыштуу бир кишиге издөө жарыялады

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаевди камакка алуу чечимин чыгарылып, ага издөө жарыялады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Шералы Абдылдаев «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка адамдарга карата козголгон кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болуп саналат.

УКМКнын билдирүүсүндө, ал тергөө ишинен жашынып жүргөндүктөн кайда экенин аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Ага Кылмыш-жаза кодексинин (303-беренеси) коррупция беренеси менен сыртынан айып тагылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума