22:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өмүрбек Текебаев сотко журналисттердин катышуусун талап кылууда

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев анын иши каралып жаткан сотко журналисттердин катышуусун талап кылды.

Парламент депутаты ага коюлуп жаткан айыптарда эч кандай мамлекеттик сыр жоктугун айтып, саясый өңүттөгү иш болгондуктан, ачык-айкын чагылдыруу үчүн журналисттерге катышууга уруксат берилиши зарылдыгын билдирди.

Сот Айбек Эрнис уулу биринчи отурумда гана фото жана видеого тартууга уруксат берди.

Эскерте кетсек, учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып баштады.

Эң көп окулган жаңылыктар