01:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен 4 жашар кыз табылган жок

Базар-Коргон районунда 4 жашар кыз Кара-Үңкүр дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын айтымында, 3-июнь күнү Базар-Коргон районунун Талды-Булак айылынын Орозбаев көчөсүнүн тургуну 2013-жылы туулган А. А. Кара-Үңкүр суусуна түшүп кеткен.

Издөөгө 12 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, бирок кыз табылган жок.

Издөө иштери улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар