09:55, 05 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА
Лондондогу теракта каза болгон жана жараткан алгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.
Маалыматта, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги жергиликтүү органдар менен иштешип жаткандыгы, кандайдыр бир маалымат болуп калса учурунда кабарланары айтылат.
Эскерте кетсек, 3-июнда Лондон көпүрөсүнүн жанындагы кичи автобус элдерди сүзгөн. Андан кийин «Боро» базарына жетишип, ал жердеги адамдарга бычак шилтешкен. Жети киши каза болуп, 48 адам ар кандай жаракат алышты. Лондон полициясы терактка шектүү 12 адамды кармады.