Бачабаздыкка айыпталган Аламүдүн районунун тургуну 20 жылга эркинен ажыратылды

09:14, 05 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Бачабаздыкка айыпталган Аламүдүн районунун тургуну 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Адвокатура борбору маалымдайт.

Маалыматта, райондун 66 жаштагы тургуну эки жыл бою 7 жашар кызды зордуктап жүргөндүгү айтылат. Россияга иштөөгө кетерде ата-энеси кызын эжесине таштап кетишкен.

Сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты.

Жапа чеккен тараптын жарандык доосу да канааттандырылып, 200 миң сом моралдык чыгымды төлөп берүү милдеттендирилди.