16:11, 02 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
Кара-Кулжада Жогорку Кеңештин мурдакы спикери Асылбек Жээнбеков ачкан көпүрө селден кийин кулады. Маалыматты Ош облустук администрациясынан дагы такташты.
Эскерте кетсек, Кара-Кулжанын Көк-Жар дарыясына курулган көпүрө бир жыл мурда колдонууга берилген. Анын ачылуу аземине Асылбек Жээнбеков жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит катышкан.
Курулушуна 8 миллион 939 миң сом коротулган. Анын 6 миллион 219 миңин донорлор, 2 миллион 720 миңин жергиликтүү коомчулук берген.