10:10
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кара-Кулжада ЖКнын мурдакы спикери Асылбек Жээнбеков ачкан көпүрөнү сел бузду

Кара-Кулжада Жогорку Кеңештин мурдакы спикери Асылбек Жээнбеков ачкан көпүрө селден кийин кулады. Маалыматты Ош облустук администрациясынан дагы такташты.

Эскерте кетсек, Кара-Кулжанын Көк-Жар дарыясына курулган көпүрө бир жыл мурда колдонууга берилген. Анын ачылуу аземине Асылбек Жээнбеков жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит катышкан.

Курулушуна 8 миллион 939 миң сом коротулган. Анын 6 миллион 219 миңин донорлор, 2 миллион 720 миңин жергиликтүү коомчулук берген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума