12:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстан визалык чектөөлөр рейтигинде 78 орунда турат

Кыргызстан визалык чектөөлөр рейтигинде 78 орунда турат. Бул тууралуу Henley & Partners компаниясынын Визалык чектөөлөр индексинин жыйынтыгында айтылат.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 67чи, Өзбекстан 83үнчү жана Түркмөнстан 87-сапка жазылган.

Рейтингдин биринчи сабында Германия жайгашкан, анын жарандары 176 өлкөнүн аймагына визасыз кирип-чыга алышат. Экинчиде Финляндия менен Италия, үчүнчүдө — Испания, АКШ жана Дания жайгашкан.

Визалык чектөөлөр индекси — жарандарынын эркин жүрүү деңгээли боюнча өлкөлөрдүн эл аралык рейтинги. Ал Эл аралык аба транспортунун бирикмеси менен биргеликте түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар