Түркмөнстанда нак акчанын көлөмү азайды

15:02, 02 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Түркмөнстанда жарандардын кирешелери азайып, жумушсуздук күчөп, накталай акчанын тартыштыгы пайда болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлайт.

Маалыматта, Ашхабад базарларында кардарлардын тандоо мүмкүнчүлүгү чектелгендиги, айрым азык-түлүктөрдүн түрлөрү сатылбай калгандыгы айтылат.

«Колдо акчанын жоктугунан жарандар азык-түлүктөрдү карызга алышууда. Маяналар кечигип, айрымдар «көмүскө банктардан» карыз алууда» — деп жазылат.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Түркмөнстанда жалпы суммасы 50 миллиард АКШ долларын түзгөн көптөгөн объектилердин курулушу уланууда.