Четте жүргөн мигранттардын расмий саны миллионго жетпейт

14:15, 02 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ

Четте жүргөн мигранттардын расмий саны миллионго жетпейт. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматында, 710 кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын директорунун орун басары Алмаз Асанбаев парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Россиядагы мигранттардын саны былтыркыга салыштырмадуу 66 миңге көбөйүп, 616 миңге жетти. Казакстанда — 30 миң, Түштүк Кореяда — 14 миң, Туркияда — 30 миң, калган мамлекеттерде 20 миң мекендешибиз эмгектенет.

Алмаз Асанбаевдин билдирүүсүндө, 15 миң кыргызстандык Россияда жашоого уруксат алган.

«Россия «кара тизмени» дагы эле жойо элек. 2014-жылы ал тизмеде 180 миң киши болсо, учурда 106 миң бар. 2017-жылы тизмени 44 миңге чейин кыскартууну пландап турабыз»— деди ал.

Фото