03:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкөлөрдүн катарында Өзбекстандан артта калды

Кыргызстан Экономика жана дүйнө институту жүргүзгөн «Тынчтыкты сүйүү глобалдуу рейтингинде» (Global Peace Index) 111 орунга жайгашты. Өткөн жылы Кыргызстан 124 орунда болчу. Иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстан 2,216 балл топтогон.

Белгилей кетсек, иликтөө 23 тармак боюнча жүргүзүлөт: Ички жана тышкы согуштар, коңшу өлкөлөр менен мамиле, саясый туруксуздук, террордук актылар коркунучу жана башка. Ар бир көрсөткүчкө 1-5ке чейин баа берилет.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан — 72 орунда, Түркменистан — 119унчу, Өзбекистан — 101инчи, Тажикстан — 118инчи.

Рейтингдин тизмесинде Россия 151де турса, Украина 154тө жайгашкан.

Сап башында, дүйнөдөгү тынчтыкты сүйгөн мамлекет -Исландия. Алдынкы ондукка Жаңы Зеландия, Португалия, Австрия, Дания, Чехия, Словения, Канада, Швейцария, Ирландия жана Япония кирген.

Албетте төмөнкү орундарга Сирия, Ооганстан, Ирак, Судан, Йемен жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар