«Кайрылман» макамын алууга кайрылган этникалык кыргыздардын саны азайды

11:58, 02 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ

«Кайрылман» макамын алууга кайрылган этникалык кыргыздардын саны азайды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын директорунун орун басары Алмаз Асанбаев парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында билдирди.

Ал белгилеп өткөндөй, кайрылмандар эң көп Өзбекстандан келишет. Бул мамлекеттен келген этникалык кыргыздардын саны — 20 миң 458ге жетет. Андан кийин Тажикстандан -17 миң 640, калган өлкөлөрдөн мекенине кайткандардын саны — 1 миң 33.

«2016-жылы «кайрылман» макамын 1 миң 23, үстүбүздөгү жылдын беш айында — 682 адам алган», — деди аткаминер.

Ал «кайрылман» макамын алуу Миграция кызматынын аймактык бөлүктөрү жоюлуп кеткендиктен кечеңдеп берилип жатканын түшүндүрдү.