16:10
+26
USD 68.66
EUR 80.81
RUB 1.16
Кыргызча

2016-жылы Кыргызстанга 8 миллион чет элдик кирип чыккан

2016-жылы Кыргызстанга 8 миллион чет элдик жаран кирип чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын директорунун орун басары Алмаз Асанбаев парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар 5 миллион 130 миң 579 жолу чет өлкөгө чыгышып, кайра 3 миллион 634 миң 335 жолу киришкен. 4 миллион 410 миң 814 чет элдик жаран кирсе, 4 миллион 453 миң 453 чет элдик чыккан.

Анын маалыматында, Кыргызстанга көбүнчө Казакстандын, андан кийин Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Туркиянын, Кытайдын, Германиянын, АКШнын, Түштүк Кореянын, Индиянын жарандары келишет.

Бир жылда 100–120 миң жаран каттоодон өтөт. Өткөн жылы 97 миң 864 чет элдик жаран катталган. 2017-жылдын биринчи кварталында бул сан 14 миңге жетет.

Эң көп окулган жаңылыктар