01:42
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкек — Кара-Балта жолундагы төрт үй бузулат

Бишкек — Кара-Балта жолундагы төрт үй бузулат. Бул жөнүндө Кыргызстандын жол долбоорлору боюнча кечээги коомдук угууда айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин жолду оңдоо иштеринин жүрүшүндө элдер көчүрүлбөйт деп айтылган. Бирок, подрядчиктер айрым үйлөр бузуларын айтышууда.

«Курулуш үч жылга созулат. Жолду Кара-Балта тарабынан оңдоп баштайбыз. Анткени, ал тараптагы үйлөр бузулбайт. Ага чейин юристтер имарат ээлери менен сүйлөшүп, акчалай чыгым төлөнөт», — деп билдирди, жолдун башкы инженеры Василий Черных.

Василий Черных «24.kg» маалымат агентигине Сокулуктагы бир үйдүн, Беловодскийдеги үч үйдүн тургундары көчүрүлөрүн айтты.

Андан сырткары, Бишкек — Кара-Балта жолундагы соода түйүндөрү дагы жылдырылат. Беловодскде базар турган жер бошотулат.

Эң көп окулган жаңылыктар