15:20
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Казак бийлеринин сөөктөрү эми Улуттук пантеонго коюлат.

Казак бийлеринин сөөктөрү эми Улуттук пантеонго коюлат. Бул тууралуу Азаттык радиосунун казак кызматы билдирет.

Маалыматта, майдын соңунда Казакстан өкмөтү Улуттук пантеон тууралуу жобону бекиткендиши, ага ылайык, атайын жайдын аймагына белгилүү, кайсыл бир тармакка эмгеги сиңген адамдардын сөөктөрү коюлары айтылат.

Өлкөнүн маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаевдин билдирүүсүндө, алардын арасында Казакстандын президенттери, өлкө башчынын үй-бүлө мүчөлөрү, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик сыйлыктарга ээ адамдар бар.

Министрдин айтымында, пантеонго Казакстан президентинин өзгөчө уруксаты менен башка жарандардын дагы сөөктөрү коюлушу мүмкүн.

«Мындай пантеон сөзсүз керек, бул дүйнөлүк практика. Мен аны толугу менен колдойм. Бул өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон адамдардын элесин түбөлүккө калтыруунун жолдорунун бири. Мен мындан жаман эч нерсе көргөн жокмун. Бул жакка Казакстандын бардык жарандарынын сөөктөрү коюлушу мүмкүн экенине ишенем. А албеттте, белгилүү бир критерийлердин негизинде», — деди Абаев.

Пантеон Астанада жайгашкан. 29-майда бекитилген документке ылайык, миң гектарга жакын аянтты ээлеген пантеон өз ичине мемориалдык имаратты, музейди, административдик жана чарбалык курулуштарды, мүрзө үстүнө коюлчу эстеликтерди камтыйт. Алгач айрым жарандар болжол менен 79 миллиард теңгеге (254 миллион доллардын тегерегиндеги сумма) бааланган бул комплекстин курулушуна каршы пикирлерин айтышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар