Кыргызстандык Москва дарыясына чөгүп кетти

16:58, 01 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Кыргызстандын жараны Москва дарыясына чөгүп кетти. Бул тууралуу Россиялык маалымат сайттары билдирди.

Маалыматта, 31-майда 26 жаштагы ички кийимчен кишинин денеси дарыянын Шелепихинск жээгинен табылгандыгы айтылат. Анын досторунун айтымында, эс алып жүрүп, ал сууга түшкөнү кетип, кайра келген эмес.