03:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Канат Исаевге дагы бир кылмыш иши козголду

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Маалыматта, Тергөө башкармалыгы 2010-жылы козголуп, учурда кайра күчүнө кирген кылмыштын негизинде 25-майда «Коррупция» беренеси менен дагы бир иш козголгону айтылат.

Белгилей кетсек, Канат Исаевге 2010-жылы иш козголуп, бирок, ал кийин Чүй облусттук прокуратурасында жоголуп кеткендиги маалымдалган. УКМКнын билдирүүсүндө, Башкы прокуратура ишти кайра күчүнө киргизди.

Тергөө материалдарында, Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болгон кезде мамлекеттик китепкананын имаратын 500 чарчы метрлик жер тилкеси менен бирге менчикке сатып жибергендиги айтылат. Китепкана 572 миң 116 сомго сатылса, соттук курулуш-техникалык экспертизасы 2010-жылы имаратты 1 миллион сомго баалаган. Тергөө Канат Исаев шериктери менен бирге мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирди деп бүтүм чыгарат.

УКМК Канат Исаевге байланыштуу эки кылмыш иши чогуу каралып жаткандыгын маалымдйат.

Эскерте кетсек, Канат Исаевге азыр соттун чечими менен өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума