Россияда Сирияга үгүттөгөн кыргызстандык 8 жылга соттолду

14:25, 01 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Россиянын Самара облусунда, Сирияга согушкерлерге кошулууга үгүттөгөн кыргызстандык 8 жылга соттолду. Бул тууралуу Россиянын ЖМКсы билдирет.

23 жаштагы Рахмонберди Рашидов, 2016-жылы, тааныштарын аны менен Сирияга барып, согушкерлерге кошулуп күрөшүүгө чакырган.

Россиянын ЖМКларынын билдирүүсүндө, анын «Ислам мамлекетинин» өкүлү менен телефон аркылуу байланышы аныкталгандан кийин, Сирияга баруу ниетин мойнуна алган.