01:59
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мародерлук иши боюнча дагы бир шектүү кармалды

Мародерлук иши боюнча дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 2013-жылдан бери изилдөөдө жүргөн 38-жаштагы Тимур Оторбаев кармалды. Ал «Турак жай жана башка курулуш имараттарын өз алдынча басып алуу», «Иш кагаздары жасоо» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча айыпталууда.

Тергөөнүн пикиринде, ал 2010-жылдын 7-апрелинде парламенттин «Ата-Мекен» фракциясынын мурдакы депутаты Турат Мадылбековдун баласы Эрлан Мадылбеков менен бирге Максим Бакиевге тиешелүү, Бишкек шаарындагы Киев-74 дарегиндеги имаратты басып алууга катышкан.

Тимур Оторбаев Жемкорлуктун алдын-алуу улуттук агентигинде, андан кийин ЖКнын депутаты Садыр Жапаровдун жардамчысы болуп иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар