12:05, 01 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА
Ош шаарында Балдарды коргоо күнү бир айга узарат. Бул тууралуу Оштун мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.
Ош мэриясынын билдүүсүндө, бир ай ичинде мекеме-ишканалар тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүү жана балдарга акысыз медициналык жардамдарды уюштуруу буйругу берилген.
Бүгүн болсо каалада «Менин шаарым» аттуу балдардын асфальтка тарткан сүрөттөрүнүн сынагы жана сейил бактарда ар кандай спорттук таймаштар жана концерттик программа болуп өттү.