11:56, 01 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО
Эки кыргызстандык тасма Нью-Йорк евразиялык кинофестивалына катышат. Бул жөнүндө Кыргызстандын Кинематографисттер биримдиги кабарлайт.
Далмира Тилепбергенованын «Асман астында» жана Болсунбек Таалайбек уулунун «Олжо» тасмасы Кыргызстандын атынан АКШда көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, Нью-Йорк евразиялык кинофестивалы 2010-жылы Көз-карандысыз режиссерлор тарабынан Америка менен евразия мамлекеттеринин алакасын күчөтүү максатында түзүлгөн.
Фестивалга жалпысынан 33 фильм катышат.