Чоң Чүй каналына түшүп кеткен киши изделүүдө

11:03, 01 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Аламүдүн районунун Аламүдун айылындагы Суворов көчөсүнүн тушунан Чоң Чүй каналына 1961-жылы туулган И.С. аттуу киши түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Мекеменин билдирүүсүндө, кечээ күнү куткаруу иши жыйынтык берген жок. Издөө иштери бүгүн дагы улантылат.