Алмазбек Атамбаев онкология борборунун бейтаптарын жашоо үчүн күрөшүүгө чакырды

10:33, 01 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

«Ооруу менен күрөшүп, жеңиш керек. Бул күрөштө биз силерге жардам беребиз», — деди президент Алмазбек Атамбаев, онкогематология балдар бөлүмүндөгү бейтаптарга менен жолугушуу учурунда.

Бүгүнкү Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата өлкө башчысы Онкология улуттук борборуна барып, балдарга белек тапшырды.

11 жаштагы Адел Абдылдаева президентке кыякта ойноп берди.