Аюу-Сай айылында 43 чатыр жана 22 убактылуу турак жай орнотулду

10:30, 01 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ

Ош облусунун Өзгөн районунун жер көчкү жүргөн Аюу-Сай айылында 43 чатыр жана 22 убактылуу турак жай орнотулду. Анда айылдын 86 тургуну жашап жатат. Дагы 15и туугандарыныкында жайгашышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы Аюу-Сай айылынын башчысы Гафур Бадалбаевге шилтеп билдирет.

Эскерте кетсек, 29-апрелде Өзгөн районун Зергер айылдык аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчүп, 24 адам каза тапты.

Ош шаарынын мэриясы бир тонна ун, 3,7 тонна макарон, таттуулар, өсүмдүк майы болуп, жалпысынан 200 миң сомдук жардам көрсөткөнүн маалымдайт.