12:21
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Жалал-Абадда мушташкан «Өнүгүү-прогресс» менен КСДПнын өкүлдөрү жарашты

Жалал-Абадда мушташкан «Өнүгүү-прогресс» менен КСДПнын өкүлдөрү жарашты. Бул тууралуу «24.kg» агентигине шаардын Ишки иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эки партиянын өкүлдөрү 28-майда өткөн шаардык кеңешке шайлоо күнү № 2116-шайлоо тилкесинин алдында мушташа кетишкен. ШИИБсынын билдирүүсүндө, мушташка депутаттыкка ат салышкан талапкерлердин байкоочу катары олтурган туугандары катышкан. Бирок, алар жарашып алгандыктан кылмыш иши козголгон эмес.

Эскерте кетсек, Жалал-Абаддык кеңешке шайлоодо «Өнүгүү-прогресс» партиясы жеңип чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар