19:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бир ай ичинде 10 миң жаран биометриялык паспорт алды

Бир ай ичинде 10 миң жаран биометриялык паспорт алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) билдирди.

Алардын айтымында, жалпысынан 50 миң жаран ID-карт алууга тийиштүү кагаздарды тапшырган.

Эскерте кетсек, кечээ парламенттин отурумунда депутат Зиядин Жамалдинов жаңы паспортто улуту көрсөтүлбөгөндүктөн көпчүлүк атуулдар аны алуудан баш тартып жаткандыгын маалымдаган.

МККнын билдирүүсүндө, «улуту» жазылган тилке паспорттун электрондук бөлүгүндө- чипте жазылган.

«Ар бир жаран өз калоосу менен улутун көрсөтө алат. Бул тилке алынып салынган жок», — деп билдиришти МККдан.

Эң көп окулган жаңылыктар