Жарандык активист Facebookтагы посту үчүн депутатка сотто утулуп калды

08:44, 01 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Жарандык активист Facebookтагы посту үчүн Жогорку Кеңештин депутатына сотто утулуп калды. Бул боюнча «24.kg» маалымат агентигине активист Мавлян Аскарбеков билдирди.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Мавлян Аскарбековдун Facebook социалдык баракчасына ал жөнүндө жазган билдирүүсүн «кордоо» катары баалап, сотко кайрылган.

Бишкек шаардык соту депутаттын дооматтарын туура деп тапты.

Соттун чечими боюнча Мавлян Аскарбеков мамлекетке 700 сом төлөп, бир ай ичинде социалдык тармактагы баракчасына төгүндөө жазышы керек.

«Мен соттун чечимин аткардым. Акчаны төлөдүм. Төгүндөө дагы жаздым, бирок, аны өзүмдөн башка эч ким көрө албайт», — дейт, Мавлян Аскарбеков.