15:56, 31 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО
Депутаттык комиссия Чудинов менен Жапаровго козголгон ишти териштирет. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Бир-Бол» фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго каршы козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун иликтөө демилгеси көтөрүлдү.
Депутат Канат Исаевдин иши боюнча түзүлгөн комиссия «Бир-Болдун» эки депутатынын ишин да карап чыкмай болду.