Мамлекеттик наамдарды кыскартуу сунушталууда

14:44, 31 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Мамлекеттик наамдарды кыскартуу сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев бүгүнкү отурумда билдирди.

Анын айтымында, жогорку наам болгон «Манас» орденин үч-деңгээлде берүү туура эмес.

«Айрым наамдарды кыскартуу боюнча сунуш киргизсеңиздер туура болот. Мисалы, эгер соттолгон киши кандайдыр бир эрдик жасаса анда кандай болот? Ал наам ала алабы?» — деди ал.

Отурумда белгилүү болгондой, соттолгон жарандарга наам ыйгарууга чек коюлган. Алар сот өкүмүн толук аткарышы керек. Негизинен наамдар боюнча баардык суроолор президентке караштуу атайын комиссиянын бүтүмү менен чечилет.