17:12
+27
USD 68.74
EUR 80.70
RUB 1.16
Кыргызча

Депутат мамлекеттик техинспекциянын орун басарын «бош көңдөйгө" салыштырды

Депутат мамлекеттик техинспекциянын орун басарын «бош көңдөйгө» салыштырды. Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Экологиялык жана техникалык кароо боюнча мамлекеттик инспекциянын орун басары Расул Артыков менен депутат Камчыбек Жолдошбаев айтыша кетти.

Отурумда борбор кааладагы кыйылып жаткан бар-дарактар жана ага элдин нараазычылыгы тууралуу сөз болду.

«Бак-дарактардын абалы жергиликтүү бийлик менен чогуу текшерилет. Шамалдан жыгылып жатканын көрүп эле жатасыздар. Айрымдары сыртынан жап-жакшынакай көрүнгөнү менен ичи ирип калган», — деп түшүндөрдү Расул Артыков.

Депутат Камчыбек Жолддошбаев Ак-Талаа районундагы мектептердин биринде бетон плиталар дагы кулап түшө тургандай жагдайда тургандыгын айтты.

«Ошондо ким жооп берет? Дарактар эмес, сиз бош көңдөйсүза», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар