Бишкекте айдоочулар көчөдө мушташып кетти

14:00, 31 мая 2017, Бишкек - 24.kg

Интернетте эки айдоочунун мушташы тартылган видео пайда болду. Аны Yuryp4ik аты менен катталган колдоонучу YouTube порталына жайгаштырган.

Ал видеону 30-мартта, Шабдан баатыр менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде тарткандыгын маалымдайт. Жеңил машинанын айдоочусу жол эрежесин бузуп айдаган жип унаасынын жолун торогон.