12:14, 31 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
Жогорку Кеңеш кызматкеринин жол кырсыгына тиешеси жоктугун айтууда. Жогорку Кеңештин штаттык кызматкерлеринин арасында бир эле Бекзат Мамытов бар экен.
«Ал учурда жумуш ордунда» — деп билдиришти парламенттен.
Бекзат Мамытов өзү эч бир жол кырсыгына тиешеси жоктугун айтууда.
Эскерте кетсек, журналист Алтынай Жалмамбетованы уруп кеткен машинанын айдоочусу өзүн парламенттин аппаратынын кызматкери катары тааныштырган.