Чоң-Алайдагы зилзаладан жабыр тарткандарга 13 миллион 600 миң сом топтолду

12:11, 31 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Чоң-Алайдагы зилзаладан жабыр тарткандарга 13 миллион 600 миң сом жардам топтолду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Калыс Ахматовдун маалыматында, өкмөттүн эсебинен 900 тонна жана гуманитардык жардам жаатынан 30 тонна цемент, дагы башка курулуш материалдары жеткирилген.

«ӨКМдин кампасынан макарон, кум шекер жана өсүмдүк майы да алып барып бердик», — деди министрдин орун басары.