11:27, 31 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА
Чоң-Алайдагы жер титирөөнүн кесепетинен 610 бузулуу алдында турат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Өзгөчө кырдаал министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.
Алардын айтымында, 3-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон зилзала жалпысынан 610 үйгө зыян тийгизген.
Маалымат жыйында, атайын түзүлгөн комиссия Карамык, Кара-Тейит, Жекенди айылдарындагы 10 миңдей үйдүн абалын текшерип, алардын зыянын-деңгээлине жараша аныктап чыгышкандыгы айтылды.
Үйлөрдөн сырткары, 10 социалдык мекеменин имараты дагы жабыркаган. Алардын арасында төрөт үйү, мечит жана почта бар.