Өндүрүш Токтонасыров Акүй алдында митинге чыкты

11:22, 31 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Акүйдун алдында митинг өткөрүүдө. Ал «Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо» жөнүндөгү мыйзам долбоорго киргизилген өзгөртүүгө каршы чыгууда. Укук коргоочу негизинен, шайлоодо көз-карандысыз байкоочуларга киргизилген чектөөлөрдү мыйзамсыз деп эсептейт.

Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште каралып жатат.