12:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда өспүрүмдөр «дарыкана баңгисине» айланышууда

Кыргызстанда өспүрүмдөр «дарыкана баңгисине» айланышууда. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында даарыгерлер тобу билдиришти.

Врач-нарколог Мелис Исаковдун айтымында, канча өспүрүм психоактивдүү дары-дармекке көз-каранды экендигин так айтуу кыйын. 20 бала каттоого алынган.

«Бул албетте аз эле бөлүгү. Эң коркунучтуусу — психоактивдүүлүктү күчөткөн курамында баңги зат көп өлчөмдөгү дарыларды ким кааласа сатып ала алат. Мисалы, жөтөлгө каршы суюктук — корвалол. Андан сырткары, интернетте баңги затты даярдоонун жолдорун көрүүгө болот», — деди Мелис Исаков.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Бермет Барыктабасованын пикиринде, мындай дарыларды өспүрүмдөргө сатууга тыюу салуу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар